Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты
Бүгүн, 26-апрель күнү Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 10:31де Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча аталган ӨКБдан саат 11:25те 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды. Алардын күжүрмөн аракети менен тилсиз жоо саат 12:37де чектөөгө алынды.
Өрттүн аянты болжолдуу аянты 40 сотыкты түзөт. Кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн