Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Боом капчыгайында кайрадан сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылды

Боом капчыгайында кайрадан сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылды

Бүгүн, 5-августта Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө кайрадан сел жүрүп, унаа жолу эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, алдын ала түшкөн маалымат боюнча саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 136-чакырымы жана 138-чакырым аралыктарында 2 тилкеден сел суулары жүрүп, жолду кум-шагылга толтурган. 


Учурда облустарды бириктирген жол эки тараптуу жабык. Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иш-чараларына көмөк көрсөтүү максатында КР ӨКМнин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу жана №32 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн