Үч дубанды бириктирүүчү Боом капчыгайында бүгүн, 31-июлда саат 10:02де жол каттамдары эки тараптуу ачылды. Ошондой эле болжол менен 20-22 миң куб кум-шагыл тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Эске салсак, кечээ нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 128-129-чакырым аралыгында жана 131чакырымында эки жерде сел жүрүп, Балыкчы – Бишкек каттамы убактылуу жабылган.
Үзгүлтүксүз тазалоодон улам бир тараптуу ачылган жолдон кезектешип эки тарапка тактап айтканда, Бишкек – Балыкчы – Нарын жана Балыкчы – Нарын– Бишкек каттамына кезек-кезеги менен автоунаалар өткөрүлүп келген.
Табигый кырсык катталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жана райондук бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору, куткаручуулар, адистер жана офицерлер иш алып барды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн