Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында, тактап айтканда Боом капчыгайында бүгүн, 1-августка караган түнү тоо боорунан жолго чоң таштар түшкөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мындан улам унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралган.
Жерине Балыкчы шаардык №19 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, түшкөн таштарды тазалап жол боюна чыгарышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн