Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков видеоконференция форматында тышкы саясий ведомстволордун башчыларынын деңгээлиндеги «Борбордук Азия-Кытай» 1-министрдик жолугушууга катышты.
ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара кытай тараптын демилгеси боюнча уюштурулуп, анын ишине Борбордук Азиянын жана Кытайдын тышкы иштер министрлери катышты.
Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар COVID-19 пандемиясы
менен күрөшүүгө жана анын дүйнө жүзүнө жайылышын токтотууга тийиштүү
маселелерди, ошондой эле пандемия шартында экономиканы жана өндүрүштүк
ишмердүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча маселелерди
талкуулашты. Тараптар өз ара соода масштабдарын күчөтүү, соода түзүмдөрүн
жакшыртуу жана кредиттик-инвестициялык кызматташууларды тереңдетүү зарыл деген
пикирге келишти.
Мында, Кытай айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн күчөтүүдө жана
продукциянын кошумча наркын жогорулатууда борбордук азиялык өнөктөштөрүнө
колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди жана Борбор Азия
өлкөлөрүнөн жогорку сапаттагы жана органикалык продуктыларды кытай рыногуна жеткирүүнү
кеңейтүүнү кубаттады.
Ошондой эле тараптар терроризм, экстремизм жана сепаратизм
менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Афганистандагы тынчтык процессинин
маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн