Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 14:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Борбор Азиянын бермети. Павел Дуров Кыргызстан боюнча таасирлери менен бөлүштү

24.06.2024 09:13
198
Борбор Азиянын бермети. Павел Дуров Кыргызстан боюнча таасирлери менен бөлүштү


"Мага Кыргызстандын эли менен жаратылышы абдан жакты, Борбор Азиянын чыныгы бермети", — деп жазды россиялык ишкер Павел Дуров Telegram социалдык тармагындагы каналына.

Ал жакында эле Кыргызстанга келип, өлкө боюнча саясаты жөнүндө өзүнүн таасирлери менен бөлүшкөн.

"Аба ырайы сонун болду, чиркейлер жок болгондуктан, ат минип тоодо жана Ысык-Көлдүн жээгинде көп сейилдедик. Мен Кыргызстан абдан тез өнүгүп, өлкө боюнча баалуу инфраструктураны курулуп жатканын байкадым.

Калктын жарымынан көбү Telegram`ды колдонот жана акыркы төрт айда эле Telegram`дын популярдуулугу 30%га өстү. Ал жерде жергиликтүү телекоммуникация жетекчилери менен жолугуп, Кыргызстандагы Telegram колдонуучуларынын тажрыйбасын жакшыртуу жолдорун талкууладык.

Рахмат, Кыргызстан — биз жакында келебиз. Сиздердин меймандостугуңуздар мени кооз Борбор Азияга келечектеги саякаттарыма шыктандырат", - деп жазган Дуров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн