Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 02:44
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Борбор Азиянын лидер айымдары президенттерге кайрылуу жасады

09.08.2021 08:16
1057
Борбор Азиянын лидер айымдары президенттерге кайрылуу жасады

Борбор Азиядагы лидер айымдардын форумуна катышып, Борбор Азия өлкө башчыларына кайрылуу жасады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.


Ушул жылдын 5-6-августунда Түркмөнстандагы "Аваза" курорттук зонасында Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогу болуп өттү.  


Форумда Түркмөнстандын Милли Генгешинин Меджлисинин төрайымы Гулшат Маммедова, БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман, Казахстандын парламентинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрайымы Айгуль Куспан, тажик өкмөтүнүн алдындагы аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитеттин төрайымы Хилолби Курбонзода жана Борбор Азиядагы Аялдар форумунун быйылкы төрайымы, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева катышышты. 


Кыргызстандын атынан Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева доклад жасап, Борбор Азиядагы Аялдар Лигасынын төрайымы Асель Атабекова да катышты. 


Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азиядагы лидер айымдардын форумунун Декларациясы жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттерине кайрылуу кабыл алынды. 


Борбор Азиядагы лидер айымдардын форуму чөлкөмдөгү аялдарды ар тараптуу колдоо максатында 2020-жылдын декабрь айында түзүлгөн, быйыл ага Өзбекстан төрагалык жасоодо жана Кыргызстандан лидер айым катары вице-спикер Аида Камсымалиева көрсөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн