Кулжа 17, 2025
Убакыт: 01:51
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Борбор калаада Бишкек - Анкара бизнес форуму өтүүдө

11.07.2024 11:16
273
Борбор калаада Бишкек - Анкара бизнес форуму өтүүдө


Кыргызстандын борбор калаасында Бишкек – Анкара - 2024 бизнес форуму өтүүдө.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Форумда шаарлар ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана жаңы өндүрүштөрдү ачуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле кыргыз-түрк ишкерлеринин B2B жолугушуулары пландалган.

Бизнес форумдун алкагында кыргыз ишкерлеринин чакан көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Анкара шаарынын мэри иш сапары менен Бишкекте жүрөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн