Теке 27, 2024
Убакыт: 06:37
USD
EUR
RUB

Борбор калаада капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу бир нече көчө жабылат

14.05.2024 11:13
174
Борбор калаада капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу бир нече көчө жабылат


Борбор калаада капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу 18-майдан баштап бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Байтик баатыр көчөсү Токомбаевден Сүйөркуловго чейин, Ахунбаев көчөсү Манас проспектинен Токтоналиев көчөсүнө чейин жабылат. Мында Байтик баатыр көчөсү Токомбаевден Жибек Жолуна чейин, ал эми Ахунбаев көчөсү Манас проспектинен Жукеев-Пудовкинге чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт. Анын алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилет.


Аталган көчөлөр акыркы ирет 2001-2003-жылдары оңдолгону белгиленди.


Ошондой эле быйыл төмөндөгү төрт көчө дагы оңдолот:

- Чүй проспекти Манас проспектинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин;

- Горький көчөсү Манас проспектинен 7-Апрель көчөсүнө чейин;

- Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;

- Жибек Жолу проспектинин Курманжан датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.

Мэрия айдоочуларды маршрутту алдын ала пландап алуусун эскертти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн