Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча Программанын 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү

31.03.2022 14:47
367
Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча Программанын 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өттү


2022-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында Борбордук Азияда баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча Программанын (CADAP) 7-фазасын расмий ишке киргизүү аземи болуп өткөн. Бул тууралуу   ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чаранын негизги максаты - учурдагы фазанын серебин, негизги максаттарды жана күтүлгөн жыйынтыктарды көрсөтүү, ошондой эле аймактык деңгээлдеги артыкчылыктуу, биргелешкен аракеттерди аныктоо.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Н. Абдиев өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей, “Мамлекет ичиндеги, ошондой эле Программага жана Европалык бирликке катышуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кызматташтык жана өз ара аракеттенүү механизмин түзүүнү катыган, КАДАП программасынын дараметин максималдуу пайдалануу максатка ылайык деп эсептейбиз”. 

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары Раймондс Вингрис белгилегендей, коопсуздук жана туруктуулук меселелери ЕБнын Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясынын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда. Ал: “Европалык бирлик уюшкан кылмыштуулук, мигранттарды мыйзамсыз киргизүү, адамдарды сатуу жана баңгизат каражаттарынын аткезчилиги менен күрөшүү чөйрөсүндө аймактар менен кызматташууну чыңдоонун андан аркы жолдорун издейт” - деп белгиледи. 


Бул иш-чарага, программанын бенефициарларын жана башка Борбордук Азия, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин өнөктөш-элчилерин, ошондой эле коопсуздук, баңгизаттар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн