Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:08
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Борис Жонсон Британиянын премьер-министри кызматынан кетти

08.07.2022 09:27
626
Борис Жонсон Британиянын премьер-министри кызматынан кетти


Борис Жонсон Консервативдик партиянын лидери жана Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кетип жатканын, бирок партия жаңы лидерди шайлаганга чейин премьер-министрдин милдетин аткара берерин жарыялады, деп билдирет Би-Би-Си Орус кызматы.


Даунинг-стриттеги премьер-министрдин резиденциясынын босогосунда журналисттерге сүйлөп жатып, Джонсон колдоочуларына жана Улуу Британиянын элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана "дүйнөдөгү эң жакшы жумуштан" кетип жатканы абдан өкүнүчтүү экенин айтты.


Ал бүткүл дүйнөлүк жана улуттук деңгээлдеги эң оор мезгилдерди башынан кечирген өкмөтү жетишкендиктери менен сыймыктана турганын билдирди.


Анын айтымында, алар брексит менен күрөшүп, пандемияны жеңүү үчүн колдон келгендин баарын жасап, Путиндин агрессиясына каршы күрөштө дүйнөлүк коомчулукту жетектешкен.


Жонсон ошондой эле Украина элине кайрылып, Британия кандай шартта болбосун аларды колдоону жана алардын бардык убадаларын аткарууну улантат деп ишендирди.


Британ өкмөтүндө премьер-министрдин ишенимине байланыштуу олуттуу кризис бир нече айдан бери өнүгүп, ушул жумада туу чокусуна жетти.


Борис Жонсон британ премьер-министрлеринин арасында эң кыска мөөнөт иштеди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн