Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 3-майда Украинанын парламентинде видео байланыш аркылуу билдирүү жасап, Лондон Киевге кошумча аскердик жардам берерин жар салды. Жаңы жардамдын көлөмү 300 миллион фунт стерлинг (376 млн. АКШ доллары) турат.
Лондон Украинага буга чейин аскердик техника, анын ичинде ракеталарды жана ракеталык орноткучтарды жөнөткөн. Жаңы жардам радиоэлектрондук күрөшүү каражаттарынан, радиолокациялык системалардын аккумуляторлорунан, GPS толкундарына тоскоолдук келтирүүчү жана түнкүсүн көрүүчү жабдуулардан турат.
“Биз Украинанын камсыздоону дагы улантабыз. Силерге эч ким кол сала албай тургандай деңгээлге чейин Украинаны бекемдөө үчүн курал, каржылоо жана гуманитардык жардам берилет.
Бул согушта Украина жеңишке жетиш керек”,- деди Жонсон кайрылуусунда.
Булак: "Азаттык" үналгысы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн