Азыркы тапта үстүбүздөгү жылдын 21-майынан
тарта объекттерди үчүнчү этап менен ишке киргизүү маселеси каралып жатат. Бул
тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 18-майда
президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди.
Боронов ошондой эле, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандарга карата катуу чаралар көрүлүп жатканын, бир катар мекемелер талаптарды аткарбагандыгы үчүн жабылгандыгын кошумчалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков ишмердүүлүгүн жандандырган ишканалардын зарыл болгон талаптарды сактоосуна да көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгилөө менен уюмдардын, ишканалардын жетекчилеринин өздөрүнүн кызматкерлеринин ден соолугу жана коопсуздугундагы, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалдагы ролун баса белгиледи.
Мамлекет башчысы жарандардын өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчилигин, санитардык-гигиеналык ченемдерин, анын ичинде коомдук жайларда беткап тагынуу режимин сактоосун дагы бир жолу баса белгиледи. Ошондой эле, обсервацияларда жаткан жана үй карантининдеги жарандардын карантиндик-эпидемиологиялык эрежелерди сакташына көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн