Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Боронов коронавируска каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн аракеттери тууралуу маалымат берип жатат

14.04.2020 10:32
972
Боронов коронавируска каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн аракеттери тууралуу маалымат берип жатат

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 14-апрелде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, жазгы айдап-себүү иштерин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн шарттарды түзүү жана республиканын аймактарына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү узартуу тууралуу маселе каралууда.  


Бул маселелер боюнча биринчи вице-премьер-министр, коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети биргелешип өткөрүп жаткан жыйында маалымат берип жатат.


Жыйынга Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев жана Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Экономика министрлиги жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.


Мындан тышкары отурумда COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүү үчүн тартылган бардык керектүү каражаттар менен камсыз кылуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн кабыл алган чаралары тууралуу маселелер каралат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн