Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:51
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Боронов нааразы болгон эл менен жолукту

01.06.2020 14:41
1151
Боронов нааразы болгон эл менен жолукту


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Бул туурлауу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Сох районунун тургундары менен болуп өткөн чыр-чатакка байланыштуу маселелерди козгошкон.


Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болуп өткөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берген.


Биринчи вице-премьер-министр чек ара маселелерин чечүү, чек арага чектеш райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой аталган аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгилеген. 


Ал ошондой эле тургундардын кайрылуусу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлө тургандыгын, бул үчүн жергиликтүү бийликке тапшырмалар берилгенин айткан.


Эске салсак, буга чейин Баткен облусуна чек ара чатагы боюнча иш сапар менен барган биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жергиликтүү тургундар менен жолукпай, Өзбекстандын премьер-министри менен сүйлөшүүгө кеткенине эл нааразы болгону кабарланган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн