Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Боронов: "Өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал киргизилип жатат" (видео)

21.03.2020 15:47
930
Боронов: "Өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал киргизилип жатат" (видео)


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилип жатканын айтты.


Ал өз сөзүндө өзгөчө кырдаал бул өзгөчө абал эместигин айтты.


"Биздин республикада, баардык аймактарда өзгөчө кырдаал киргизилип атат. Тактап айтчуу нерсе бул өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал. Бул жерде атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт жана элдердин жүрүм-турумуна кандайдыр бир чектөөлөр, бирок өзгөчө абалга караганда бул жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелердин баары күнүмдүк  турмуш тиричиликтер жүргүзүлө берет. Ал эми, зарылчылыгы жок башка жака чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерлерге барууга тыюу салынат", - деди Боронов.


Эске салсак, Коопсуздук кеңеш өлкөнүн Премьер-министрине 22-марттан баштап республика аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушун берген.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн