Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Боронов уруксат берилген уюмдарда иштегендерди каттоонун тартибин түшүндүрдү

12.05.2020 10:55
931
Боронов уруксат берилген уюмдарда иштегендерди каттоонун тартибин түшүндүрдү


Экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн бардык уруксат берүүчү документтер ыкчам түрдө, токтоосуз жана кошумча текшерүүсүз берилиши керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 12-майда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.


Кубатбек Боронов белгилегендей, коомчулук тараптан экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилген уюмдарда иштеген жарандардын каттоо орду боюнча Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымдама кагазы боюнча көп суроолор берилүүдө.


«Бишкек, Ош шаарларына, Каныш-Кыя айыл аймагына жана Ат-Башы районуна карантинге алынып, белгилүү бир чектөө чаралары киргизилди. Ошол эле учурда экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандандыруу процесси жүрүүдө. Уюмдарга маалымдама кагазын даярдаш керек, ал райондук салык кызматынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Бул документтер менен Салык кызматына уюмдун жетекчилиги же жооптуу кызматкерлери кайрылуусу керек. Салык органдарында экономиканын ар кыл тармактарында иш алып барган компаниялар боюнча маалымат базасы бар. Маалымдама кагазы кандайдыр бир карыздарга карабастан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Болгону карантин маалында иштөөгө уруксат берилген тизмеге ылайык келиши керек. Ал эми патенти барлар иштеген жеринен маалымдама кагазын алуунун, аны салык органдарынан күбөлөндүрүүнүн кажети жок. Болгону алардын ишмердүүлүгү уруксат берилген тизмеге дал келиши керек», - деди Кубатбек Боронов.


Штаб жыйынында жакынкы күндөрү жарандардын кайрылуулары электрондук форматта каралары белгиленди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн