Бугу 08, 2024
Убакыт: 08:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Бостериде балдарын ижарачыга тапшырып коюп кеткен эне табылды

24.07.2021 07:34
467
Бостериде балдарын ижарачыга тапшырып коюп кеткен эне табылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында энеси ижарага алган бөлмөгө таштап кеткен балдардын ата-энеси табылды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 


Буга чейин облустук милиция жашы жете элек балдардын ата-энесин табышып коюуну элден суранган эле. Маалыматта 17-июль күнү эки баласын ээрчиткен аял Бостериден ижарага бөлмө алганы, эртеси үй ээлеринен балдарын карап турууну өтүнүп, өзү белгисиз жакка кеткен бойдон келбегени кабарланган. 


Милициядан билдиришкендей, балдарды алып кетүү үчүн атасы келген. Ал уулдарын ЖМКлардагы сүрөттөн таанып, Бишкектен Бостериге барган. 

Укук коргоочулар балдардын энесин дагы табышкан. Ал 22 жаштагы Т.П. экени аныкталып, аял балдарын эмнеге таштап кеткенин түшүндүргөн эмес. 


Балдар иши боюнча комиссия ата-эне менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин аларга балдарды өткөрүп беришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн