Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бостеридеги жигиттин өлүмү. Дагы эки милиция кызматкери камакка алынды

24.08.2023 11:04
404
Бостеридеги жигиттин өлүмү. Дагы эки милиция кызматкери камакка алынды


Талас районунун 23 жаштагы тургунун Бостери айылында өлтүрүүгө шектелип ИИМдин атайын багыттагы полкунун дагы эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, кармалгандар 48 саатка камакка алынган. Бүгүн сот баш коргоо чарасын тандайт.


Эске салсак, буга чейин бул иш боюнча атайын багыттагы полктун үч милиционери К.У., Н.У.  жана Э.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган. Райондук соттун чечими менен кармалгандарга карата эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн