Бугу 06, 2024
Убакыт: 16:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бранденбург федералдык аймагы кыргызстандык жумушчулар менен кызматташууга кызыкдар

03.05.2023 13:28
371
Бранденбург федералдык аймагы кыргызстандык жумушчулар менен кызматташууга кызыкдар



2023-жылдын 2-майында Потсдам шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Бранденбург Федералдык аймагынын Вице-премьер-министри, Ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри Михаэл Штюбген менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бранденбург Федералдык аймагынын ортосундагы түрдүү тармактарда, анын ичинде билим берүү, квалификациялуу адистерди даярдоо жана ишке орноштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.


Элчи Кыргызстан менен Бранденбург Федералдык аймагынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, немис компанияларына энергетика, туризм, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана тоо-кен казып алуу сыяктуу келечектүү тармактарга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.


Штюбген Кыргызстандын квалификациялуу адистерди даярдоо жана ишке орноштуруу жаатында Кыргызстан менен кызматташууга Бранденбургдун кызыкдар экенин билдирди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн