Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Бразилияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт

03.10.2022 09:48
717
Бразилияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт


Бразилиялыктар өлкөнүн президентин экинчи турда шайлашат, өлкөнүн азыркы лидери Жаир Болсонаро менен Луис Инасио Лула да Силва экинчи турга өткөнүн өлкөнүн жогорку шайлоо соту билдирди.


"Шайлоо математикалык жактан аныкталды. Экинчи тур", - деп жазылган соттун расмий тиркемесинде.


Бразилияда добуш берүүнүн биринчи туру 2-октябрда өттү. Экинчи тур 30-октябрга белгиленген.


Буга чейин бюллетендердин 97,45 пайызы саналып бүтүп, Бразилиянын экс-президенти Луис Инасиу Лула да Силва 47,93 пайыз менен алдыда, 43,63 пайыз добуш менен азыркы мамлекет башчысы Жаир Болсонаро экинчи орунда.


Биринчи айлампада жеңишке жетиш үчүн 50 пайыздан жогору упай алуу керек болчу.


Калган президенттикке талапкерлер кыйла артта калды, алардын көбү шайлоочулардын бир пайызын да колдой алышкан жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн