Бугу 21, 2024
Убакыт: 22:43
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Британия менен Испанияда кайра карантин кириши мүмкүн

27.07.2020 12:44
815
Британия менен Испанияда кайра карантин кириши мүмкүн


Британия менен Испанияда кайра карантин киргизүү маселеси талкууга түштү. Испаниядан Британияга келгендер эки апта изоляцияда болушу керек. Мындай маалымат BBC сайтында кабарланды.


Бирок бул чектөөгө Испаниянын Тышкы иштер министрлиги нааразылык билдирип, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал коркунучтуу эмес деп айтты.


Испаниянын тышкы иштер министри Аранча Гонсалес Лайя өлкөдө илдет жуктургандардын саны өсүп жатканын моюнга алды. Бирок бүтүн Европадагы кырдаал ушундай. Ал эми Британиянын өзүндөгү абал испан аралдарынан дагы начар, деди ал.


Июнь айында Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги күн сайын 250 чамалуу жаңы учурларды каттап келсе, өткөн аптада күнүнө 1,5 миң жаңы учурлар белгилүү болуп жатты.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн