Бугу 04, 2024
Убакыт: 23:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Британияда кул сатуучу Эдвард Колстондун статуясы кулатылды

08.06.2020 14:16
1104
Британияда кул сатуучу Эдвард Колстондун статуясы кулатылды


Миннеаполис шаарында жарым ай мурда полициянын зөөкүрлүгүнөн улам кара түстүү Джордж Флойддун мерт болгондугуна байланыштуу расизмге каршы акциялар АКШда жана Европада өткөн дем алыш күндөрү да улантылды.


ВВС маалымдагандай, ишемби күнү кечинде Лондондун Даунинг-стритинен алыс эмес жерде нааразылык акциялары демонстрацияга чыккандар менен полициянын ортосундагы кагылышка чейин өсүп жетти.


Натыйжада 14 полицей жаракат алды. Лондон полициясынын башчысы Крессида Дик полицейлерге сабырдуулуктары жана сабаттуу аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле: “Мен Лондондун борборунда каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерине карата зомбулук жасашкандыгына катуу капа болдум”, - деп айтты.


Ал эми Лондондун мэри Садик Хан полицейлерге карата зомбулук аракеттерди айыптады.


Он миң адам катышкан дагы бир акция өлкөнүн түштүк-батышындагы Бристоль шаарында уюштурулуп, анын катышуучулары аркандын жардамы менен XVII кылымда белгилүү болгон кул сатуучу жана парламентарий Эдвард Колстондун статуясын булуңга кулатышты. Бул сыяктуу акциялар Манчестерде, Ноттингемде, Вулвергемптондо, Глазгодо жана Эдинбургда, ошондой эле Будапешт, Рим сыяктуу жана башка европалык шаарларда да өттү.


Джордж Флойддун сөөгү эртең, 9-июнда Техас штатынын Хьюстон шаарында жерге берилет.


Күздө өтүүчү президенттик шайлоонун Демократиялык партиядан талапкери Джо Байден бүгүн, 8-июнда Техаска барып маркумдун жакындарына көңүл айтаарын, бирок Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша алышпастыгын талапкердин улук кеңешчилери Рейтер агенттигине билдиришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн