Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Брюс Линин өнөрүнүн сырлары

18.06.2021 18:57
2179
Брюс Линин өнөрүнүн сырлары


Брюс Ли өзү жаш баладай тамашөкөй, анан жеткен эмгекчил болуптур. Дайыма жанына дептер алып, өнөрүнүн сырларын жана ойлорун жазып жүрчү экен.


Анча- мынчасын которумуш болуп койдум...


Жоош бол, бирок моюн сунбагын.
Бекем бол, бирок таш боор болбогун.

Жөнөкөйлүк - бул искусствонун эң жогорку даражасы.

Мен 10.000 түрдүү ударды изилдеп үйрөнгөн адамдан коркпойм. Бир ударды 10.000 жолу изилдеп үйрөнгөн адамдан корком.

Түркөйдүн акылдуудан алган жообунун пайдасына караганда, акылдуу түркөйдүн берген суроосунан көбүрөөк пайда алат.

Кылган адам гана бир нерсени үйрөнөт.

Эгерде сууда сүзүүнү үйрөнгүңүз келсе, кургак жерде сизге эч бир акыл жардам бере албайт.

Мушташта бир чаап, бир тебүү менен жеңишке жетпейсиң. Же чыдаганды үйрөн же жан сакчы жалда.

Оңой жашоо үчүн тилек кылбай, кыйынчылыкка туруштук берүү үчүн күч-кубатты тилегин.

Эгер эртең жаңылууну каалабасаң, бүгүн чындыкты сүйлө.


Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн