Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:09
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бүгүн Бишкектин борборунда эки көчөсүндө унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат

06.06.2024 13:20
212
Бүгүн Бишкектин борборунда эки көчөсүндө  унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат


Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын футбол боюнча курама командаларынын беттеши орун алат.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алдыдагы беттешке байланыштуу борбор калаада саат 14:00дөн баштап иш-чара аяктаганга чейин унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдүн тилкелери жабылат:

- Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
- Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.

Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамдарды алдын ала пландаштырууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн