Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 14:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Бүгүн Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун 4-жыйыны өтөт

03.08.2022 08:45
513
Бүгүн Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун 4-жыйыны өтөт

Араб координациялык тобунун кезектеги 4-жыйыны бүгүн, 3-августта, Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Бул араб финансы институттарынын өкүлдөрүнүн Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн экономикалык блогунун өкүлдөрү менен төртүнчү жолугушуусу болот.

Ушул күндөрү алдыңкы араб каржы институттарынын делегациясы Кыргызстанда болушат.

Иш сапардын алкагында бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында курамына Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, араб экономикалык өнүгүүсү Кувейт Фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду кирген Араб координациялык тобунун негизги иш-чарасы өтөт.

Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, министрликтердин, өлкөнүн финансы-экономикалык блогунун жетекчилери жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышат.

Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) 1973-жылдын 18-декабрында Ислам Конференциясы Уюмуна (ИКУ) катышкан өлкөлөрдүн финансы министрлеринин жыйынында түзүлүп, 1975-жылдын октябрында өз ишин баштаган. ИӨБнын штаб-квартирасы Жидда шаарында (Сауд Арабиясы) жайгашкан.

Банктын негизги багыттары узак мөөнөттүү насыялоо жана өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн техникалык жардам көрсөтүү, негизинен айыл чарба (ирригация жана мелиорация), билим берүү, саламаттыкты сактоо, таза суу менен камсыздоо, инфраструктураны өнүктүрүү, чакан жана жеке ишканаларга насыялоо байланыштарын берүү болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн