Бүгүн, 17-июнда өлкөгө “Спутник V“ вакцинасынын 80 миң дозасы келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.
Маалыматка ылайык, Орусиянын вакцинасын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 815 миң сом акча бөлүнгөн. Вакцина 40 миң адамга ылайыкталган.
Белгилей кетсек, Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнга чейин келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн