Тогуздун айы 30, 2024
Убакыт: 13:23
USD
85.65
86.15
EUR
92.20
93.20
RUB
0.875
0.915

Бүгүн Жумгалда жоголгон жарандарды издөөгө 104 адам чыкты

30.10.2024 11:22
25
Бүгүн Жумгалда жоголгон жарандарды издөөгө 104 адам чыкты


Бүгүн, 30-октябрда ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен таң эрте издөө иштерин улантуу үчнүн КР ӨКМден Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Эрнест Дыйканбаевдин жетекчилигинде жалпы 104 адам издөө иштерине 9 дрон  менен чыгышты. 

Анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 58 куткаруучу, 6 дрон тартылган. Атай кетсек, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан, Нарын облустук башкармалыгынан жана ага караштуу райондордун куткаруучулары жеринде издөө иштерин алып барышат. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин 20 милиция кызматкери 3 дрон менен, ал эми жергиликтүү тургундардан  26 адам  издөөгө чыгышты. 

Тартылгандар баары 20 топко бөлүнүп жеринде иш алып барышат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн