Кулжа 08, 2025
Убакыт: 05:41
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.095
1.125

Бүгүн президенттин катышуусунда IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өтөт

03.03.2022 15:49
1258
Бүгүн президенттин катышуусунда IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өтөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Бишкек шаарында өтө турган 2022-жылда IV дивизиондогу хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу астында өтүп жаткан бул спорттук мелдеште Кыргызстан, Кувейт мамлекети, Малайзия, Сингапур жана Ирандын командалары күч сынашат.


Турнирге ошондой эле IIHF президенти Люк Тардиф келет.


Салтанаттуу азем КТРК түз эфиринде чагылдырылат.


Башталышы - 19:25.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн