Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бүгүнкү камоолор эртеңкиге сабак болобу?

17.06.2021 12:33
1057
Бүгүнкү камоолор эртеңкиге сабак болобу?


Кайсыл бир бийликтин учурунда таасирдүү фигурага айлануу ошол бийликтин мөөнөтү аяктаганга чейин гана булуттун үстүнө чыгарып кое турганын көрүп жатабыз. Акаевдин убагында маселелерди көмүскөдө чечкендер аялы Майрам Акаева менен уулу Айдар болду. Бакиевдин маалында уулу Максим Бакиев, бир тууганы Жаныш Бакиевдеп маселе чечишти.


Ал эми Атамбаевдин доорунан тарта бир тууган жана уул-кыздар эмес, көп жылдардан бери чогуу жүргөндөрү маселе чечип калган. Мурун анын айдоочусу болуп жүргөн Икрам Илмиянов президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына чейин көтөрүлдү. Кийин кеңешчиси кызматына барды. Эгерде ал жөн гана өзүнө таандык болгон функционалдык милдетин так аткарып, башка маселелерге башын салбай жүргөн болсо, кеп башка болмок. Ал президенттин эң ишенимдүү адамдарынын бири болуп, өзүнүн кызматтык милдетине кирбеген көптөгөн маселелерге аралашып жатканын ошол убакта эле көп айтышчу.


Ошол убакта КР президентинин сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектеген Манас Арабаев жалпы соттордун үстүнөн көзөмөл гана кылбастан, алардын кандай чечим кабыл аларына да көрсөтмө берип келгени айтылып келген. 2017-жылы бийлик алмашкандан кийин Илмиянов да, Арабаев да абакка отурушту.


Эми экс-президент С. Жээнбековдун убагында президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болгон Алмамбет Салиев «Мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, ал мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен. Ошондой эле анын расмий кирешеси менен салыштырып болбой турган мүлктү сатып алгандыгы аныкталгандыгы айтылды.


Убагында Алмамбет Салиевдин таасирдүү фигура болуп, көп маселелерди чечип калганы тууралуу да тар чөйрөдө көп айтылчу. Жыйынтыгы бүгүнкүдөй болуп турат.


Албетте, булардын канчалык деңгээлде күнөөлүү экенин соттук териштирүү чечет. Болгону бир гана ойлоно турган маселе бар, кечээки жана бүгүнкү камоолор эртеңкиге сабак болуп жатабы? Бүгүнкү бийликтин тегерегинде өздөрүнүн кызматтык абалынан ашыкча пайдаланып жаткандар жокпу? Көмүскөдө маселе чечип жаткандар болбой элеби? Эгер ошондой көрүнүштөр дагы деле бар болсо, анда мөөнөт аяктап, жаңы бийлик келгенде ошол «таасирдүү фигуралар» бүгүнкү камалып жаткандардын тагдырын кайталап калбайбы?


Канатбек Аскаров


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн