Токмокто Бурана мунарасынан 25 жаштагы кыз кулап түшүп каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кырсык тууралуу 30-май күнү маалымат түшкөнүн билдирди.
Күбөлөрдүн милицияга берген маалыматына ылайык, кыз жалгыз келип, эч ким жок учурда мунарага чыгып кеткен. Андан кийин алар кыздын сөөгүн көрүшкөн.
Учурда кыздын өлүмүнүн себептери такталып жатканы кабарланды. Маркум Ысык-Ата районун тургуну болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн