Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бүргөндү айылында милиция айыл аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

22.12.2021 16:53
632
Бүргөндү айылында милиция айыл аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө



Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы айылдардагы жергиликтүү тургундардын мал жандыктарын сак кармаш үчүн “Ж.Садиров” атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Ар бир турак үйлөргө кирип, эл көп чогулган жерлерде, мечиттерде кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле мал-жандыктарын кароосуз калтырып, арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин милицияга мал жоголду деп кайрылган арыздар себеп болууда.


Мал жандыктарды кароосуз талаага калтырбай атайын артынан нөөмөт менен кароону, мал сарайларын кечинде бекитүүнү эскертишип, көчөдө 2-3 күн кароосуз жүргөн малдардын ээлерине акт түзүлдү. 

Жыл башынан бери бул аймакта 5факт мал уурулук катталып, бешөөнүн тең бети ачылган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн