1989-жылы жайында Чоң Бычан кой кыркын пунктунда кыркымчы болуп иштедим. Ошондон дагы бир жылдан кийин союз урап, булар эң соңку кыркын болуп калаарын анда эч ким али биле элек кез… 18 ге чыгып, билекке чатырап күч толуп, ак койлорду көтөрүп уруп, колу-бутун кере таңып, “кана кеттик!” деп каршылаш менен жарыша кыркып, колубузда жүн алгыч машинка ойноп, метис койдун барпыраган баалуу жүнү териден шыпырылып, ансайын чекеден тер агып, бир кезде чабандын аялы: “келегой балам, кымыздан жутуп алчы!” деп чаначты имерип чоң темир чөмөлөккө толтура кымызды сунуп калат. Чыбаш болгон, жүн жыттанган, кой жыттанган колуңа чоң чөмөлөк тиер замат чалкалай калып, аны чекеңе чейин көңтөрө тартып жиберип, каадалуу чоң кыркымчыдан бетер: “Ой эже, жыргатпадыңызбы, коюңар жүндүү болсун, ырахмат!” деп батаңды берип, анан имерилип стеллаждын цемент дубалына ныгырылып башын каткан койлордун бирин шарт шыйрактан тартып алып, текчеңе көтөрүп чаап, ичиңди ойнотуп кирген алиги кымыздын шаңы менен машинкаңды татыратып, алдыңда керилип жаткан ак койдун такымынан курсагын көздөй жиреп-жиреп аласың. Атааңгөрү, дал ошондой кыркын кайра келсечи! Жер бетинин кай бурчунда болсом да, эс алыш үчүн кой кыркканы бараар элем, деңиз басып, сендеги Шардын белин ашып.
Кой кыркын. Түшкү тыныгуу. Тамак ичип болуп адатымча, сарайды айланып, Бургуй суусун бойлоп бир азга эс алганы басып келмек болдум. Бир кезде Насип өлгөн конушуна өтчү кечмеликтин өйдөрөөк жагынан агарып жерде жаткан нерсени көрдүм. Барсам, боорсок менен эттин майы сиңип калган көп барактуу “Кыргызстан маданияты” гезити экен. Сүйүнүп кеттим. Кой кырктырганы келген чабандарбы же кыштактан келген конокторбу айтор бирөөлөр келип бул жерге олтуруп тамак жешкен өңдүү. Гезитке анча-мынча мүлжүнгөн омурткаларды, момпосуйдун кагаздарын ороп туруп калтырып кетишиптир. Гезит анча мынча бырышып, бир аз май болгону болбосо жакшынакай бойдон экен. Алыскы берекелүү Бычандан көп нерсе табасың бирок мындай гезит оңой колго тиймек эмес. Көчүк басып олтуруп ошол замат окуп кирдим. Менин эсимде эмдигиче ошондогу бир макала калды: “Маданияттын” эң ортоңку жайык бети толук бойдон “Министрге ачык кат” деген көлөмдүү макалага берилиптир. Олтуруп, Бургуй суунун шары менен кошо аны бир дем менен окуп чыктым. Мына анан, окуп алып көөдөнүм көөп толкунданып, сүйүнгөндү айт! Кыскасы, кыргыздын маданий каймактары биригип ушул катты министрге багыштап жазышкан экен. Маңызы: кыргыз тили жана ага мамлекеттик макам берилиши жөнүндө, иш кагаздары эки тилде болушу, аны билбегендер милдеттүү түрдө үйрөнүү керектиги, кыргыз адабият, салты, тарыхы жаңыланууга муктаж экендиги, ошого мезгил келгендиги, баарыбыз ага башыбызды көтөрүп, билек түрүп киришүүбүз керек экендиги тууралуу экен. Окуп, көргөн көзүмө ишене алган жокмун! Советтик жаран катары мындай тейдеги жазууну мурда-кийин окуп көргөн эмесмин. Советтик Кыргызстандын эч кими, эч бирибиз мындайды али окуй элек болчубуз! Ошого окшош улуттук ойгонуунун баары дал ошол жылы, дал ошол ай-күндөрү жаралып, көз жарып жаткан эле. Бул кайра куруунун соңку, жетилген мөмөлөрү болчу. “Маданияттагы” ошол макала! Бул нерсе башка катмарды кой, 18 деги мендей улан үчүн да ошончолук маанилүү, баалуу, көктөн издегениң жерден табылган жаңылык болуп тийди. Бул биздин нагыз кайра жаралуубуз эле. Мына ошол кайрылуудан кийин баардык гезит беттеринде кыргыз тилибиз тууралуу керемет талкууларга көмүлүп жатып калдык. Ошол жаңылыктарды Берлинге туу сайып келгендерди тосконсуп тосуп, кубанганымды унута албайм! Ошондон бери мага гезиттеги Ачык каттар айбаттуу арстандай сезилет. Бычандагы эт, боорсокко оролгон ошол “Кыргызстан маданияты” замандын бир пардасын жапса экинчисин ачкандай болгон. Аны эстесем советтик кой кыркындын керемет күүлдөгү кулагыма жаңырат…
Жеңишбек Эдигеев, журналист
Сүрөт: Кош-Дөбө айылы, Карагай-Төр жайлоосу. 2007-жыл
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн