Президент Садыр Жапаров "Ата Бейит" мемориалдык комплексинде Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк алынганы боюнча ишти өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова билдирди.
Анын айтымында, ал президентке ишти көзөмөлгө алуусун суранган. Садыр Жапаров түндүктүн калыбына келтирилиши боюнча ишти тездетүүнү мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, Президенттин Администрациясынын башчысы Сүйүнбек Касмамбетовго тапшырган.
Ассоль Молдокматова ишти өз көзөмөлүнө алганы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн