Бугу 07, 2024
Убакыт: 09:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Чач тарачка кезек талашып мушташкан. Аксыда мектеп окуучусу көз жумду

Чач тарачка кезек талашып мушташкан. Аксыда мектеп окуучусу көз жумду


Аксы районунда 9-11-класстын окуучулары чач тарачта кезек талашып мушташкан. Маалыматты Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.


Башкармалыктын маалыматына караганда, Кош-Дөбө айылынын 18 жаштагы тургуну башынын сол каптал аймагына жана оң алаканына бычак сайылган деген диагноз менен ооруканага түшкөн.


«Мушташ учурунда жогорку класстын окуучусу кенже класстын окуучусун уруп жиберген. Ал жыгылып калганда кылмышкер анын башына жана бутуна бычак сайганга үлгүргөн. 11-класстын окуучусу алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон», - деп айтылат маалыматта.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн