Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чаткал районунда 37 жаштагы жаранга сегиз жолу ок атылган

Чаткал районунда 37 жаштагы жаранга сегиз жолу ок атылган


Чаткал районунда 37 жаштагы Ж.С., аттуу жаранга сегиз жолу ок атылып, райондук ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги жазып чыкты.

Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, 2023-жылдын 7-июлунда болжол менен 14:30 чамасында Чаткал районунун 30 жаштагы С.Ж., аттуу тургуну жанында алып жүргөн ок атуучу куралы менен 1985-жылы туулган Ж.С., аттуу жаранды бир нече жолу атып жиберген.

Бул окуя Чаткал РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Окуя болгон жерге Чаткал РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда бир даана ок жана гильзалар табылып алынган. Мындан сырткары, С.Ж., өз ыктыяры менен ок атуучу куралын тергөө-ыкчам тобуна өткөрүп берген.

Аталган окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесининин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары С.Ж. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн