Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.
Чаткал районунан келген делегат элдин үнү бийликке жетпей жатканына нааразылыгын билдирди.
"Биз бир депутатты 2005-жылдан бери шайлайбыз. Аны кийинки шайлоого чейин көрбөйбүз.
Биздин маселебиз, көйгөйлөрүбүздү көтөрүп чыкпайт. Эмне кылабыз?
Бизде кен иштеткен компаниялар ичүүчү сууну булгап жатат. Биздин маселени чечип бербесеңиздер кетпейм",- деди делегат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн