Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чек ара: Абал туруктуу, кыргыз жарандарынан жаракат алгандар бар

29.04.2021 04:31
751
Чек ара: Абал туруктуу,  кыргыз жарандарынан жаракат алгандар бар


     2021-жылдын 28-апрель күнү саат 11ге жакын Баткен районунун Аксай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы "Головной" участкасындагы суу бөлүштүрүүчү жайындагы электр жарыткыч мамычасына Таджик республикасынын Исфара районунун Чоркух жамааты 3даана видео байкоочу камераларды орноткон. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     Бул окуя боюнча эки өлкөнүн жергиликтүү айылдык бийликтери сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан кезде Таджик республикасы тарабынын белгисиз ок атуучу куралдан белгисиз тарапка 2 жолу ок атылган. Бул окуя Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

     Жогорудагы жолугушуудан майнап чыкпагандан соң, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда эки өлкөнүн облустук деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү жолугушуп, таджик тараптан коюлган видео байкоолорду алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок эки тарап тең бир чечимге келе албаганда эки өлкөнүн алгач 30дай жарандары топтолуп, кийин элдер чогулуп бир бирине таш ыргытып, массалык баш аламандыктарды жараткан. Ошол баш аламан кезде таджик тараптан өздөрүнүн ичинде 3-4 жолу асманга ок атылганы угулган.

     Натыйжада, Баткен районунун Көк-Таш айылынын 2 тургунунун, Самаркандек айылынын 1тургунунун денелерине таш тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага кайрылган. Денесинен жараат алган жарандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Жогорудагы башаламандык Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 

     Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын сүйлөшүүлөрү жүрүп, окуя болгон жерге топтолгон жарандар таркап кеткен.

     Азыркы учурда аталган аймакта абалды милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып, толук кандуу иш алып барууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн