Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:42
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Чек ара (Аңгеме)

12.02.2021 09:57
1388
Чек ара (Аңгеме)


-Бар, ойноп кел! – Апам тамеки тизген ийне менен бутума секин чаап, домдоп койду эле, үргүлөп бараткан экенмин, чочуп кеттим. – Карачы, тизгениңди! – Анан апам мен толтуруп берген ийнени жипке эми эле өткөргөн экен, канап жипти силкип-силкип койду эле, тизилген тамекинин жарымы эле жерге түшүп калды. – Уйкусурап өзөгүнөн сайбай, паригинен эле сая берипсиң. Элдин балдарын карачы, чакчыгайдай болуп бир жакшына отурат. Аяган сайын... – Апам сүйлөнгөн бойдон калды, мен эчки постегимден акырын козголдум да, сарайдагы бизден аркы, андан да аркы мамылардын түбүндө өз үй-бүлөлөрү менен тамеки тизип аткан досторум Бекмат менен Сатарды уурдана карап койдум колу-бутумду керилте. 

Түнкү тизимде ушундайыбыз бар: саат он экиге жакындаганда уйку баса баштайт, ананчы, таң атар менен сааркы үзүүгө кетебиз, анан күндүзгү тизүү, сарайдан эле умач аш ичип, же шир күрүч  жеп алып түштөн кийинки үзүүгө жөнөйбүз, кечки тамакка бир нерсе шам-шум этип коюп түнкү тизимге отурабыз. Окшош айлар, анан август менен сентябрь биздин айылда ушундай. Тамекиде өзгөчө эргенчи балдар, бизге окшогон өспүрүмдөр болбосо, анда колхоз планын кантип толтурмак эле.

Менин артымдан эле Бекмат чыга келди. Экөөбүз Сатарды карап турабыз. Ал бизди көрөрүн көрдү, секин ышкырганыбызды да укту, бирок чыгышка шашылбайт. А ийнеси толбой аткан экен дедик. Чын эле карап турсак, ийнеси толор менен аны апасынын алдына таштай салып караңгыда атам айткандай баюулуудай болуп турган бизге келди шашып-бушуп.

- Бүгүн сен бекинесиң, биз издейбиз, – деди Бекмат мага тигиле карап. – Мелдеш баягындай эле – сени таппай калсак, экөөбүз бир-бирден тамеки сарайды айлантып көтөрүп келебиз. Сени таап алсак, сен экөөбүздү бир-бирден сарай айланта көтөрүп чыгасың!

- Болду!

- Сүйлөштүк!

- Ичибизден санап, «Он» дегенде издөө башталат.

Менин жашынып алышым үчүн Сатар менен Бекмат тамеки сарайдын ичине бир-эки кадамдай кирип туруп калды.

Мен жашынар жай издеп кеттим. Ичимден «бир», «эки», «үч»... деп санап барам. Убактың жок. Тез жашынуу керек. Учуп эле сарай артындагы рамкелердин ичине эңкейген бойдон томполоңдоп кирип кеттим. Сарайда жипке тизилген тамекилерди эртеси түш оой бир-бирден алып, жерге тийбесин деп күнөстө зым тартылган атайын жайга байлап чагабыз. Жиптеги тамекилер башка жиптеги тамекилерге да тийбеши керек, жерге түшүп калбаш үчүн беш кадамдык жиптин ортосунан да зым тартылып, алар жиптерди көтөрүп турат. Тизилген тамеки ушинтип кургайт. Ошол жерди рамке деп коёбуз. Анын түбүндө сойлоп гана жүрбөсөң, башың жипке тизилген тамекилерге тийип калат, жиптерди үзүп да ийишиң мүмкүн. Башка жактан келгендер бул жерде тамекинин жытына чыдап жата албайт, биз, ноокаттыктар, мындай жытты эне сүтүбүз менен кошо шимиргенбиз да, канча болсо жата беребиз, жөн койсо тамекини кучактап уктап дале калабыз. 

Ошентип мен туш келген бир рамкенин астына шумгуган бойдон кирип кеттим да, ары төр жагына сойлоп жөнөдүм. Минтпесем жанагы экөөнү сарай айланта көтөрүш оңойбу. Жөн эле көтөрсөң экен, узун буттары менен тепкилеп, чалыштатып, эшек мингендей «кы, кы» деп коюшат. Жарык көрүнгөн жерден классташ кыздарың сенин «эшек» болуп жүргөнүңдү байкап калышса, «айрөөктөп» ит эле кылат.

Улам рамкенин астында боортоктоп сойлоп барам. Эки колумду куду немис кинолордогудай удаа-удаа алдыга таштап, буттарымды нообат менен таканчыктатып алдыга жылам.

Бир убакта тык токтодум. Бирөөлөрдүн бир нерсе деп атканы кулагыма чалынды. Акырын жылдым. Жанымдагы рамкеде жатып алган экөөнүн сүйлөшкөнү угулат. Биринчи алардын ким экенин ажырата албадым. Бирок бири кыз, бири жигит экени үндөрүнөн билинип эле турду. Үндөрү дале тааныштай. Эстей албай жаттым. Дагы аларга жакын сойлодум.

- Мени карачы? – деди жигит.

- Карап атам. Көрбөй атам сизди. – Кыз акырын кыткылыктады.

- Жакын келсең?

- Жакын барбайм.

- Имнеге?

- Жеп коёсуз?

- Мен киши жегич белем?

- Ким билет? Адамдарга ишенбейм.

- Мага дагыбы?

- Сизге дагы!

Ары жактан сарайдагылардын ырларына кошо мени издеп жүргөн Бекмат менен Сатардын шарпасы угулду. Булардын экөөнүн сөзүн эшитип калышынан сезгенип кыз менен жигит дымый түштү.

Мен аларга ушунчалык жакын барып калган экемин, эми кайра же алдыга, же артка кетиштин ылаажысын таппадым. Өздөрүнүн карааны көрүнбөгөн менен сөздөрү так эле кулагымдын жанындагыдай.

- Чын эле аскерге кетесизби? – деди кыз. 

Мен эми тааныдым. Ноода бой, кара чач, жарашыктуу кийинген Рамазан ака экен. Жакында күзгү чакырылышта армия кызматына кетем деп жүргөн. Мектепти бүткөн жылы окууга тапшырып өтпөй калды. Анан шаарда текстилде иштеп, быйыл да пединститутка экзамен берип, дагы кулап, бир эле апта болду, аңыздан сарайга тамеки алып келген трактордун бир чиркегичинде жүк ташыгыч болуп жүрөт, бүгүн эле чиркегичтен түшө калып Айым эженин оор түйүнүн көтөрүшүп атып, кулагына бир нерсе айтып аткандай болгонун байкагандай болгом. Чамасы ошондо ушул жолугушуу тууралуу убадалашкан чыгар. Айым эже болсо быйыл тогузду бүтүп, онго көчтү, сарай боюнча тажаал, айкырыгы сарайдын бул бурчунун тигил бурчуна угулганда ыйлап аткан баланы токтотуп койгон Алмаш апанын жалгыз кызы. Атасы жок. Болгонун да эч ким билбейт.

- Чын эле кетем.

- Качан?

- Эртең.

- Чын айтыңызчы?

- Чын эле эртең. Ошко алып барат да, андан ары бөлүштүрүп кетет.

- Ал жакта эмне кыласыз?

- Родинаны коргойм.

Айым эже ойлонуп кеттиби, бир аз токтоп калды.

- Кимден коргойсуз?

- Душмандардан!

- Душмандар кимдер?

- Алар көп. Туш тараптан чыга калат.

-   Мага жакын келбеңиз, Рамазан ака! Мына,  мына бул жер – чек ара. Ортодогу зымды көтөрүп турган цемент. Ушул чек арадан өтпөңүз!

- Кабыл! Кабыл! Кабыл! Келе бер! Жеңилдик! – Рамкенин баш жагынан мени издеп аткан Сатар менен Бекматтын кыйкырыктары угулду. Мен андан бетер азыр эле туба турган торгойдон бысып калдым.

- Сиз кайда кызмат кыласыз?

- Чек арага суранам. 

- Имнеге?

- Сени тынч уктасын деп чек ара кайтарам.

- Канча жыл?

- Эки эле. Ага чейин сен онунчуну бүтөсүң.

Экөөнүн ортосун дагы жымжырттык басты. 

- Айым, Айым дейм? – Бир убак кайра жигит сөз баштады.

- Имне?

- Мени күтөсүңбү?

- Имнеге күтмөк элем!?

- Мен сага кат жазып турам.

- Рамазан ака, кат жазбаңыз. Апам өлтүрөт.

- Анда отпуск алып келип турам. Мейлиби?

- Мейли...

- Ар үч ай сайын.

- Мейли... Ары туруңуз! Чек араны басып кеттиңиз!

- Мына чек ара турбайбы?

- Сиз бери жылып алыпсыз. 

- Кандай билдиң?

- Жакындай түштүк го, Рамазан ака!

- Жакындайлы да.

- Жок, Рамазан ака. Жакындабаң? Мына бул сиздин колуңузбу?

- Жоок.

- Анан кимдики?

- Билбейм.

- Колуңуз чек арадан өтүп кетти, Рамазан ака!

- Алдым. Болдубу?

- Болду.

- Кабыл! Кабыл! Чыга бер! Сен уттуң! – Рамкенин орто тушунан сырт жактан Сатар менен Бекматтын кыйкырыктары дагы угулду. Жанымдагылар саалча сүкүттө турду. Атарап тынчып калганча сөз үзүлдү.

- Мен сени жакшы көрөрүмдү билесиңби? – Үзүлгөн кепти Рамазан ака улады.

- Билбейм. Колуңузду тартыңыз, Рамазан ака, болбосо азыр туруп кетем.

- Мына. Тарттым. Чек араны бузган жокмун.

- Ошентиңиз. Азыр апам издейт. Шаарда бирөөлөр менен сүйлөшүп келгендирсиз ээ?

- Жо, Айым, эч ким менен сүйлөшкөн жокмун.

- Балдар ушунте бересиңер да.

- Мен башка балдардай эмесмин. Сага кулак сөйкө салып кетишкен дешет го.

- Коюңузчу, ошолорду. Туугандар. Апамын бир карын бөлөсү илгери ачарчылыкта Өзбекстандын Куба деген жерине турмушка чыккан экен. Катташып турчу. Ошол катын небереме алып берем, кан жыңартам дептир.

- Сен аны көрдүңбү?

- Көрдүм.

- Кандай экен?

- Арыктан арык тыртайган узун неме экен. Нукул өзбекче сүйлөйт шилбийип. 

- Онду бүтөрүң менен алып кетсе эмне кыласың?

- Кетпейм! Өлсөм да кетпейм!

Ары жактан бүт айлананы жаңыртып дүрбөткөн кыйкырык чыкты. Айым эженин апасы Алмаш апанын үнү:

- Оо, Айым, өлүгүңдү көрөйүн?! Каякта жүрөсүң?! Жер жутуп кеттиби?!

- Муну алыңыз! – Шашып калган кыз чек арадан колун өткөрө жигитке бир нерсе сунгандай болду.

- Бул имне?

- Дасоромол. 

- Өзүң тиктиңби?

- Ыы. Чачысына майда назик мончок тизип, атласына кеште түшүрүп астайдил аракат кылып өзүм сайдым. Чек арада кийимиңизге измелек менен төөнөп салып жүрөсүз. 

Экөө тең жым болду. Чек аралары не болду – билбей калдым.

Алмаш апанын ажылдаган үнү азмаз өтүп кайра эле угулду:

- Оо, атың өчкүр, Айым! Түн жарымда бок жеп жүрөсүңбү? Ой бала, Сатарсыңбы, бас бери, жанагы кызды көрдүңбү? Издешчи! – Алмаш апа кызын зыктап издей баштаганда бир адиса болору турган иш. Анан калса чамасы Сатар менен Бекмат да издөөгө киришти.

Эми дароо эле, Айым эже ордунан козголуп рамкенин башына жорголоп бараткандай болду. Рамазан ака ордунда дем чыгарбай катып жатты...

*

...Андан бери кыйла мезгил жылып кетти. Биздин айылдыктар тамеки эгүүнү да токтотту. Өзбекстандын Куба шаарына турмушка чыгып кеткен Айым эже узак жылдар чек аранын жабыгынан улам туулган жери менен катташа албай калды. Айтуудан Алмаш апаны жерге бергенге да өтө албай кылыптыр. 

*

Өткөн бир тойдо айылыбыздын аксакалдарынан төр талаша баштаган орто куракка ооп калган Рамазан ата сүйүнө жанындагыларга кобурап атканын угуп калдым:

- Өзбектер менен кыргыздардын чек арасы ачылыптыр, эми ал жактагылар бул жакка келсе, бул жактагылар ал жакка барса боло берет экен...

...Чек ара отуз жылдай жабык турбадыбы...


Абдыкерим Муратов 

2020-жыл, 26-ноябрь

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн