Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Чек ара: Эртең Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды

18.09.2022 16:34
474
Чек ара: Эртең Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргыз Республикасынын жарандары курман болду.


Каза болгондорго терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат:


Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын;

Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн;

маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн