Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чек ара, Кемпир-Абад. Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери бир катар документтерге кол койду

03.11.2022 17:41
500
Чек ара, Кемпир-Абад. Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери бир катар документтерге кол койду

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен расмий иш сапары менен Бишкекке келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюшту. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.


Ошентип, тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту:


- Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге;


- КР министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга;


- КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга;


- КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга;


- КР ТИМинин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга;


- эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына.


Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ТИМ башчылары биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышты.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн