Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддиндин ортосунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кулубаев чек арадагы көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.
Министр чек ара тилкесиндеги оор кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажикстандык кесиптеши менен дайыма байланышта экени белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн