Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кол коюлган протоколдо Лейлек району чектешкен аймактарды тактоо камтылган. Бул тууралуу ал “Азаттык" үналгысына билдирди.
“Чек араны тактоо жөнүндө сүйлөшүү негизинен Лейлек району боюнча болду. Кийинки жолугушуу биз тарапта болот. Азыр топографиялык жумушчу топтор жолугуп, чек араны тактап жатабыз”.
Жолугушуу 13-майдан 17-майга чейин Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өткөн. Жыйынтыгында протоколго кол коюлганы айтылып, бирок мазмуну тууралуу маалымат берилген эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн