Теке 27, 2024
Убакыт: 09:43
USD
EUR
RUB

Чек арада абал салыштырмалуу туруктуу

22.09.2022 09:32
506
Чек арада абал салыштырмалуу туруктуу

Бүгүн, 22-сентябрда саат 08:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, түн тынч өтүп, эч кандай окуя катталган жок.


“Чек арага жакын аймактардагы жарылбай калган заттарды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат. Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды басаңдатуу жана кошумча аскер техникаларын туруктуу жайгашкан жерлерине кайтаруу жөнүндө макулдашуулардын аткарылышын текшерүү боюнча чараларды көрүүнү улантууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн