Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 04:49
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Чек арада каза болгон Эсентур 30 жашта болгон

30.04.2021 10:54
982
Чек арада каза болгон Эсентур 30 жашта болгон



Баткендеги чек ара чырында окко учкан аскер кызматкеринин аты-жөнү такталды. Тактап айтканда, шейит кеткен жарандардын бири Кубанычбек уулу Эсентур, 30 жашта болчу.  Бул тууралуу "Марал" радиосу билдирди.


Жакындарынын айтымында, Кубанычбек уулу Эсентур Ат-Башы районунун, Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Ал аскердик билимди Бишкектеги Суворов окуу жайында алып, андан ары Орусияда уланткан. Кыргызстанда чек ара жаатында кызмат өтөп, акыркы жылдары Нарын облусундагы чек ара бекеттериндеги атайын кызматкерлердин жетекчисинин орунбасары болчу. Ал эми 10 күн мурун алар мобилизацияланып, Баткендеги Ворух анклавы тараптагы чек ара бекетине которулган. Жакындары билдиргендей, Эсентур командирлик кылган чек ара бекетине тажиктер тарабынан биринчи кол салуу болуп, окко учкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн