Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Чек арада коронавирус боюна күчөтүлгөн режимде иш алып барылып жатат

10.03.2020 15:33
807
Чек арада коронавирус боюна күчөтүлгөн режимде иш алып барылып жатат

Чек арачылар жана башка кызматтардын кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алууда. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды. 


Маалым болгондой, Мамлекеттик чек арадагы бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде дүйнөдөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүп, байкоо салууда. 


Жыйындын катышуучуларына Бишкекке келген Diamond Princess саякат кемесиндеги кыргыз жаранынан коронавируска анализ алынып, ал таза чыкканы тууралуу маалымат берилди. 


Ошондой эле Стамбулдан дене табы көтөрүлүп келген кыргызстандыктан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан анализ алынган. Анда коронавирустун белгилери чыккан эмес.   


Иш-аракеттердин алгоритмине ылайык, бул жарандар 14 күндүк карантинге алынат, анын 13чү күнүндө алардан кайра анализ алынат. 


Жыйындын катышуучуларына буга чейин пландалган билим берүү сынактары, мектеп олимпиадалары жана башка иш-чаралар кийинки мөөнөткө жылдырылганы тууралуу маалымат айтылды. 


Бишкек шаардык мэриянын өкүлү жугуштуу оорулардын, анын ичинде коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында адистер коомдук транспортторду (маршруттук таксилер, автобустар, троллейбустар) дезинфекциялоо боюнча иштерди жүргүзүлүп, ушундай эле жумуштар соода түйүндөрүндө дагы жасалып жатканын айтты. Муну менен катар коомдук тамактануучу жайлар да көзөмөлдө.


Ал ошондой эле, соода, бизнес борборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларынын жетекчилерин келгендердин ден соолугун сактоо үчүн санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу жана келгендерди жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо зарылдыгы тууралуу иштер жүрүп жатканын билдирди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн