Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чек арада жаракат алган аскер кызматкеринин абалы орточо оор бойдон калууда

13.04.2022 10:33
370
Чек арада жаракат алган аскер кызматкеринин абалы орточо оор бойдон калууда

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан эки адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.


"Жаңжалдын кесепетинен жаракат алып эки жабырлануучу Лейлек шаарындагы жалпы дарыгерлердин практика борборуна түшкөн. Аскер кызматкери учурда ооруканада. Ага хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн, абалы орточо оор абалда.

Экинчи жабырлануучу жай тургун. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Абалы канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.


Буга чейин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан бир кыргыз аскери жарадар болуп, ооруканага жаткырылганын, абалы оор болгондуктан операцияга даярдалып жатканын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн