Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 18:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Чек арадагы Көк-Таш айылынан келген делегат: Бизге үй, мектеп керек эмес, тынчтык керек

25.11.2022 16:26
411
Чек арадагы Көк-Таш айылынан келген делегат: Бизге үй, мектеп керек эмес, тынчтык керек

Баткен облусунан Аксай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынан делген делегат Жалил Каработоев облус тургундарына азыркы күндө үй, мектеп, бала бакча дагы керек эместигин айтып, башкысы тынчтык болсо деген пикирин билдирди.


“Балдарыбызды гана ойлоп калганбыз. Анткени 2-3 сааттын ичинде баары күйүп кеткен. Кээ бир жарандарыбыз бир сыйра кийимдери менен калган. Азыр бизге тынчтык гана керек. Чек араны тактоо иши начар кетип жатат. Россияга же башка облуска кеткендер болууда, бирок алар аз санда гана. Биз эч качан жерибизди таштап кетпейбиз. Садыр Нуркожоевич, чек арага жакын жайгашкан тургундарга курал-жарак берүүнү тездетиш керек. Тактап айтканда, уруксат кагаздарын берүүнү. Мен өзүм ала албай жүрөм, бирок үйүмдү коргошуп керек. Бир мисал, өткөн тополоңдо Көк-Таш айылын аскерлерге жардам берип, жергиликтүүлөр сактап калды. Эгерде баарыбыздын куралыбыз болсо бир дагы тажикти киргизбейбиз”, - дейт делегат.


Каработоев акыркы 9-10 жылда мал уурулук токтобой жатканын, малдын изи барып Тажикстанга кирип кеткенин айтып, милиция кызматкерлери коңшу өлкөгө кире албай жатканын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн