Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чек арадан 25 килограмм күмүш алып өтүүгө аракет кылган жаран аныкталды

23.05.2023 10:40
228
Чек арадан 25 килограмм күмүш алып өтүүгө аракет кылган жаран аныкталды

Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан УКМК чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз жүгүртүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасы аркылуу баалуу металлдарды алып чыгуу каналын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, "Ак-Жол-Автодорожный" өткөрүү пунктунда, жалпы салмагы 25 кг 925 күмүштөн жасалган зер буюмдарын эч кандай уруксаат кагазы жок Казакстан Республикасы тарапка мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурунда Казакстан Республикасынын Б.А.М аттуу жараны кармалган.


Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн