Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун эвакуацияланган жашоочулары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда. Бул тууралуу Баткен райондук ИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөттү.
Ошондой эле, аймакка милициянын кошумча көчмө пункттары тартылып, психологдор жана медицина кызматкерлери иштеп жатат.
Белгилегендей, милиция күчөтүлгөн режимде иштөөдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн